• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Ниязбеков: 13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча РИИБ башчынын эки орун басары сөгүш алды

18 Теке 2022 11:44 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 13 жашар кыздын зордукталышы боюнча Свердлов райондук милициянын жетекчисинин эки орун басарына сөгүш берилди. Бул тууралуу ички иштер министри Уланбек Ниязбеков маалымат жыйында билдирди.

«Учурда кызматкерлер тергөө абагында. Соттун чыккан чечимине жараша дагы чара көрөбүз. Азыр РИИБдин жетекчисинин кадрлар менен иштеген, аймактык тескөөчүлөрдү караган орун басарларына сөгүш берилди», — деди Ниязбеков.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелип эки милиция кызматкери кармалган. Бул ишке жалпы төрт киши шектелген. Бир нече күн мурун ЖМКда бул иштин таржымалы чыгып, кыз дээрлик жарым жыл бою зордукталып жүргөнү белгилүү болгон. Кыздын ата-энеси айыптуулар жоопкерчиликтен кутулуп кетпейби деп кооптонууда. 

Количество просмотров: 77