• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ниязов: Молдокматов менен Асановдон мен эмнем менен коркунучтураакмын?

8 Кулжа 2022 12:30 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 8-июнда Бишкек шаардык сотунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча жактоочунун арызы каралууда.

Соттук отурумда судьянын чечими менен журналисттерге сүрөт жана видеого тартууга тыюу салынды.

Айыпталуучуларды 2022-жылдын 18-июнга чейин камакка алуу түрүндөгү чыккан соттун чечимин мыйзамсыз деп табуу тууралуу жактоочу арыз берген.

Жактоочу Замир Жоошевдин айтымында, айып тагылгандардын арасынан Атамбаев менен Ниязов эле учурда абакта олтурат.

«Дарыгерлердин чечими менен Ниязовдун ден соолугуна байланыштуу даарылануудан өтүүсү керек. Андан дарыгерлер бир катар оорулардын бар экенин жана дарыгерлердин текшкрүүсүнөн өтүүсү керек экенин айтышкан. Бирок, ал абакта болгондуктан дарылануудан өтө албай келет», — дейт жактоочу.

Ал эми Фарид Ниязов аларга карата мыйзамсыздык жүрүп жатканын билдирди.

«Мен камакта 2 жыл 10 айдан бери соттун өкүмүсүз камакта олтурам, бул туура эмес. Менден 20 жаш кичүү Жеңиш Молдокматовдон же 10 жаш кичүү Курсан Асановдон эмнем менен коркунучтуумун? Мен албетте алар абактан чыкканына сүйүнүчтөмүн, бирок соттук коллегиядан ишти карап чыгып мени жана Атамбаевди камакка алуудан башка баш коргоо чарасын тандап берүүнү суранмакмын», — деди Ниязов.

Количество просмотров: 1786