• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ноокат. Өзгөчө кырдаал (Видео)

20 Жалган куран 2020 23:57 Бишкек Govori.TV


Республикалык Штаб берилген маалыматтар.

Кыргызстанда Ноокат жана Сузак райондорунда коронавирусту жуктуруунун 6 учуру катталды, алар кичи ажылыктан кайтып келген үч эркек жана үч аял.

410 адам – обсервацияда;

1251 адам – жашаган жери боюнча дарыгерлердин көзөмөлүндө;

1309 адам – 14 күндүк карантинден чыккандар.

Саламаттыкты сактоо министрлиги жатак орундуктардын санын 2290го чейин көбөйттү, алардын 700ү өлкөнүн түштүк аймагында.

Ноокат районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Мамчек араларда жарандар катаал тартипте текшерилүүдө. Чек ара кызматынын билдирүүсү боюнча, 17-19-мартта КРге 5183 адам кирип, 6795 адам чыгып кеткен.

Ош ш. 4 базар жабылды жана коомдук транспорттун иши токтотулду.

Кызыл жарымайдын ыктыярчылары КРде ӨКМ менен бирге калктын арасында маалыматтык иш алып барып, санитардык тазалоо жараянына тартылууда. Алар улгайган жарандарга маскалар менен антисептиктерди да таратып жатышат.

КР Финансы министрлиги коронавирустун жайылышын алдын алуу иш-чараларын каржылоо максатында эсеп ачты. 20.03.2020-ж. (12:30с.) карата 2 млн 200 миӊ сом түштү. Ошондой эле “Сорос” Фонду пандемияга каршы күрөшүүдө күч-аракеттерди колдоого 100 миӊ АКШ долл. өлчөмүндө Өзгөчө фонд түздү.

Инфекциялык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө “Сорос” Фондунан ӨЖЖ аппараты берилди, республика боюнча жалпы 624 аппарат бар.

КР Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жалпы тамактануу жайларынын ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча көзөмөлдү катаалдатууну тапшырды. Өз кезегинде, Республикалык штаб жарандарды үйдөн чыкпай, мүмкүнчүлүк болсо, аралыктан иштөөгө жана адамдардын чогулуусу тууралуу ИИМге кабарлоого чакырат.

Ысык-Көл облусунда бардык пансионаттар, эс алуу үйлөрү жана мейманканалар карантинге жабылды.

Ыкчам IT штаб түзүлдү. Коронавирус боюнча калкты маалымдоо үчүн чат бот ишке киргизилди.

Бардык КТБлар штаттык режимде иштеп, имараттар пландын негизинде күн сайын дезинфекцияланып жатканын МКК билдирди.

800 медицина кызматкери даярдалып, алардын бөлүгү профилактика, клиника жана COVID-19 (короновирусу) эпидкөзөмөл маселелери боюнча окуусун улантууда.

Количество просмотров: 1612