Ноокат районунда пара алууга шектелип жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспектору кармалды. Бул тууралуу социалдык тармакка видео жарыяланды.
Turmush басылмасынын жазган маалыматына караганда, күч органдарынын өкүлдөрү бүгүн, 3-октябрда шектүүнү колго түшүрүү операциясын жүргүзүшкөн. Ыкчам жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында, инспектор З.К. (аял киши) пала алып жаткан жеринен кармалган.
Тергөө иштери Ички иликтөө кызматына кайрылган жергиликтүү тургундун арызынын негизинде жүргүзүлүүдө.
Азырынча башка жагдайлар белгисиз.