2024-жылдын 18-июль күнү, Ош облусунун Ноокат районунда катталган селдин кесепетинен жалпы 172, анын ичинен 38 турак үйдүн жер төлөсүнө, 134 турак үйдүн короосуна сел суулары кирген.

19-июль күнү тартылган куткаруучу жана техникалардын жардамында Кулатов айыл аймагындагы 42 турак үйдүн короосу, 11 турак үйдүн жер төлөсү ошондой эле Көк-Жар айыл аймагындагы турак үйлөрдүн короолору жана жер төлөөлөрү толугу менен тазаланган.
Бүгүн, 20-июль күнү селдин кесепеттерин жоюу иштерине 59 куткаруучу, 5 мотопомпа, ал эми жарандык коргонуу кызматынан 50 кызматкер жана 7 атайын техника тартылды
