Жалал-Абаддын Ноокен районунда 10 жаштагы кызды зордуктоого шектүү катары ушул эле райондун 20 жаштагы тургуну кармалды. Облустук милициянын маалыматы боюнча, кылмышка шектүүнүн үйүндө тинтүү жүргүзгөндө жаш кыздардын ич кийимдери да табылган. Шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, эки айга камакка алынды.
Милициянын маалыматына ылайык, 28-январда жергиликтүү тургун 10 жаштагы кызын бейтааныш киши зордуктап койгонун айтып, Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылган. Кайрылган адам окуя кызы кечки саат беш чамасында мектептен үйгө келатканда болгонун жана шектүү 20-25 жаштарда экенин билдирген.
Бул факты Жазык кодексинин 161-беренеси («Зордуктоо») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Буга чейин милиция шектүүнүн фотороботун даярдап, издөө жарыялаган болчу.