• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Ноокенде өспүрүм кызды зордуктады деген 20 жаштагы жаран өмүр бою эркинен ажыратылды

28 Теке 202017:27 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 10 жашар кызды зордуктаган 20 жаштагы жаран күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылды.

Маалыматка ылайык, чечимди Ноокен райондук соту 16-июнда чыгарган. Анда айыпталуучу А.А.нын жактоочусу бул чечимге макул болбой, апелляциялык арыз менен Жалал-Абад облустук сотуна кайрылган. Бүгүнкү күндө аталган кылмыш иши Жалал-Абад облустук сотунун өндүрүшүнө келип түшө элек.

Буга чейин Ноокен РИИБине кайрылган жергиликтүү тургун 10 жаштагы кызын жашы 20-25 чамасындагы бала коркутуп, күч колдонуп, зордуктап койгондугун билдирген.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «зордуктоо» беренеси менен катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Ыкчам иликтөө, издөө иштеринин натыйжасында, шектүү катары Ноокен районунун 2000-жылы туулган А.А. аттуу тургуну кармалган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, шектүүнүн жашаган үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, кылмышка тиешелүү делген далил буюмдар табылган.

Количество просмотров: 167