Бүгүн 21-март Нооруз майрамына карата «Кыргыз Айылы» этнографиялык комплексинде боорсок жасоо боюнча улуттук рекорд коюлат. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдирди.
Аталган иш-чарага Бишкек шаарындагы мекемелерде иштеген ар кайсы эмгек жамааттарынан куралган 10 команда катышат жана жасалган боорсок келген конокторго жана муктаж болгондорго таратылат.
Маалыматта «Ар бир команда 70 килограммдын тегерегинде боорсок бышырат. Ошондо бардыгы болуп 700 килограммдан ашык боорсок даярдалып, улуттук рекорд коюлат» — деп жазылат.
Кыргыздын улуттук оюндары менен коштолгон салтанатка кирүү акысыз.
Эске сала кетсек, 11-мартта Бишкекте 450 салмактагы 117-метр чучук бышырылып, 1 тонна беш бармак жасалып гиннес китебине кирүү үчүн жөнөтүлгөн.