Экономика министрлиги министрликтин кызматкерлерине кыргыз тилин үйрөтүү үчүн репититор жалдоо кызматынан баш тартты. Бул тууралуу биздин агенттикке министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
«Мамлекеттин эсебинен кыргыз тилин үйрөнүү боюнча кабар коомчулуктун кескин сынына кабылган соң, биз бул ишти кайра карап көрүп, репититордун кызматынан баш тартуу чечимин кабыл алдык»,-деди маалымат кызматы.
Эске салсак, министрлик 100 кызматкерин 3 айга мамлекеттик тилге үйрөтүү үчүн 12-февралда тендер жарыялаган. Ага 324 миң сом каралган. Ал эми министр Артем Новиковдун тил үйрөнүшү салык төлөөчүлөрдүн 36 миң сомуна айланмак.
Кечээ, 19-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын долбоору каралган. Анда жасалган …