• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Новиков: Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр пандемияга байланышкан кризис маалында чоң колдоо көрсөттү

3 Бештин айы 2020 14:05 Бишкек Govori.TV

Өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр коронавирус инфекциясына байланышкан кризис маалында Кыргыз Республикасына чоң колдоо көрсөттү, атап айтканда, финансылык жана гуманитардык жардам беришти. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча Координациялык кеңештин кезектеги отурумунда билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчынын м.а. өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөргө берилген жардам үчүн ыраазычылыгын айтып, өз ара жемиштүү кызматташууну улантууга үмүттөнөрүн билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө дары-дармектердин, жеке коргонуу каражаттарынын жана тест-системаларынын запастарын толтуруу, ооруну дарылоо ыкмаларын өз убагында жаңыртуу, пандемияга каршы натыйжалуу күрөшүү үчүн калкты эмдөө, тез жардам кызматын техникалык жабдуу сыяктуу маселелерди чечүүдө өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу тууралуу маселелер талкууланды.

БУУнун Кыргыз Республикасындагы туруктуу координатору, Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча Координациялык кеңештин теңтөрагасы Озонниа Ожиело өз кезегинде кызматташууну мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана элине пандемиядан улам келип чыккан социалдык-экономикалык мүнөздөгү маселелерди чечүүдө мындан ары да жардам көрсөтүүгө даяр экендигине ишендирди. Басып чыгаруу

Количество просмотров: 40