Кечээ, 1-августта Новосибирск—Ош чартердик каттамы менен Кыргызстандын 169 жараны кайтып келди. Алардын арасында жаш балдар да бар.
Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, жүргүнчүлөрдүн тизмеси Кыргызстанга кайтууга муктаж болгон жарандардын берген кайрылууларынын кезеги боюнча түзүлгөн. Алардын катарында кош бойлуу, жаш балдары бар аялдар, улгайган жарандар, Новосибирсктин клиникаларында операция жасаткандар, Сибирь федералдык округунун окуу жайларында окуган кыргызстандык студенттер бар. Ошондой эле бул каттам менен Сибирь федералдык округунун башка региондорунан, Иркутск облусунан жана Красноярсктан дагы жарандар учуп келди.
«Бул каттам аркылуу Кыргызстанга Новосибирск облусунун кыргыз диаспорасы тарабынан түзүлгөн жалпы баасы 700 миң рубль болгон дары-дармек каражаттары жана лампалар түрүндө гуманитардык жүк алынып келди», — деп айтылат маалыматта.