Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Нововознесеновка айлынында эртен менен жарык өчүп, суу токтоду. Бул тууралуу маалыматты аыйлдын тургундары Govori.TVнын WhatsApp группасына жөнөтүштү.
Айылда боорон күчөп жатканы тууралуу видеотасмада көрсө болот.
«Свет эртен менен өчкөн, ошол убакыттан бери жок, ал аз келгенсип суунуда өчүрүштү. Негизи үч жылдан бери суу маселеси жаралып келет. Жарыкты бере элек, сууктан улам электр зымдары үзүлүп, кайрадан туташтыра албай жатышат», — дейт Мариям Осмонова.
Сууктан улам автоунаалар да жолдо тыгылып, жүрбөй калган. Нововознесеновка айылында 3 миңден ашык тургундар жашайт.
Кыргызгидромед кызматы өлкөдө 9-январдан тарта аба ырайы кескин өзгөрүп, туруксуз аба ырайы болорун маалымдаган. 12-13-январда абанын температурасы дагы төмөндөшү күтүлүүдө.