Бишкек.20.12.17.Govori.TV
НТС телеканалынын имаратына сот аткаруучулар келип, эфирди токтотууну жана имаратты жабууну талап кылышканы эки күндөн бери талкууга алынып жаткан кези. 10 жылдан ашуун эфирге чыккан НТС телеканалы туурасында фейсбук баракчасынын колдонуучулары эмне деп жазып чыгышты? Govori.TV сайты жазылган пикирлерди сунуштайт.
КРнын Эмгек сиңирген артисти Бек Борбиев фейсбук баракчасына бүгүн НТС каналынын «Таң шоола» берүүсүнө чакырылганын жазган.
«Азаттыктын» журналисти Уланбек Эгизбаев фейсбуктагы баракчасына кайдыгерликтин туу чокусуна чыктык деп азыркы абалды сыпаттаган.
Журналист Шайырбек Абдырахманов баардык телеканалдарды жаап салгыла деген пикирин фейсбук баракчасына жазган.
Фейсбук колдонуучусу Чыңгыз Төрөкулов телеканалдын жабылышын саясат менен байланыштырган.
НТС телеканалынын журналистери Мирзат Муканов «Миң сөздүн ордуна» деген сүрөт жүктөсө, Назира Кадыева НТС сиздин колдооңузга муктаж деген.
Фейсбук колдонуучусу Равшан Маманов телеканал боюнча төмөнкү пикирин жазган.