Бишкек.03.02.2018.Govori.TV
Инстаграм баракчасындагы үчүнчү миллион катталуучуну ырчы Нурлан Насип топтоду.
Ал катталуучуларына миллион үчүн той бербей турганын жар салды.
«Рахмат менин сүйүктүү окурмандарым, мени менен бирге болгонуңуздарга! Бирок кечиресиздер мен той бере албайм. Суранып жаткандар үйгө келип чай ичип кетсеңиздер болот»,-деди ал.
Эскерте кетсек, буга чейин алгачкы миллионду иштебей жатып директорлуктан кол жууган ырчы Самара Каримова топтогон. Ал катталуучуларына дүркүрөтө чоң той берген.
Кийинки экинчи орундагы миллион катталуучуну Анжелика Кайратова топтоп, ал миллионунчу катталган окурманга кымбат баалуу чөнтөк телефонун берүүнү убадалаган. Мындан сырткары ырчы той бергендин ордуна кайрымдуулук кылып, Сокулуктагы балдар үйүнө барып аларды сүйүнтүп келгенин айткан.