• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Нурсултан Назарбаев «Нур Отан» партиясынын төрагалыгынан кетет

24 Жетинин айы 2021 9:10 Бишкек Govori.TV

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев «Нур Отан» партиясынын төрагалыгын азыркы мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаевге тапшырууну чечти.

Бул тууралуу Назарбаевдин басма сөз катчысы Айдос Үкибай “Твиттерге” жазды.

Укибаев Назарбаевдин бул чечими “бийлик транзитинин логикалык уландысы” экенин белгиледи. Нурсултан Назарбаев «Нур Отан» партиясы пандемиядан улам жаралган глобалдык каатчылык шартында Казакстан президентинин башкы тиреги болушу керек экенин айткан.

“Нур-Отандын” уставына ылайык, төраганы шайлоо жана бошотуу иштери партиянын съездинде каралат. Ага чейин Назарбаев партия төрагасы бойдон калат.

Казакстанды отуз жылдай башкарган Нурсултан Назарбаев 2019-жылдын март айында президенттиктен кеткен. Бирок бийликтеги партиянын төрагалыгын сактап калган. Коопсуздук кеңешин көзү өткөнчө башкаруу укугуна ээ.

Мындан улам байкоочулар 81 жаштагы Назарбаев мурдагыдай эле өлкөнү де-факто өзү башкарып жатканын айтып, аны Кытайдын мурдагы лидери Дэн Сяопин менен салыштырып келишет. Ал кызматтан кеткени менен мамлекет саясатын башкарууну узак жылдарга чейин өз колунан чыгарбай келген.

Количество просмотров: 160