• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Нуржигит Кадырбеков: Диплом текшерүү өнөктүгү кийинкилерге сабак болуш керек

16 Жалган куран 2022 14:49 Бишкек Govori.TV

Диплом текшерүү өнөктүгү кийинкилерге сабак болуш керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков билдирди.

Депутат өлкөдө билимге караганда диплом маанилүү болуп калганын кескин сындап, төмөндөгүлөргө токтолду.

«Кыңыр иш кырк жылда билинет деген сөз туура эле. Мен адамдардын көңүлүн ооруткум келбейт, кимдин диплому жасалма экенин дагы билбейм. Деген менен мындай көрүнүштөр башкаларга сабак болушу керек. Кээде кетирген каталарды кайталоо менен оңолбой келе жаткандайбыз. Негизи билимге чоң маани берүү зарыл . Бизде билимге караганда диплом маанилүү болуп калбадыбы. Өздөрү чет жерде жүрүп, бул жакта бааларын койдургандар бар. Ошондуктан сырттан окуунун түп тамыры менен жок кылган туура. Анткени бул жемкорлуктун очогу. Билим албай эле тааныш таап, каражат берүү менен окууларын бүтүп алышат. Эртеңки күнү ошолор келип өлкөнүн тагдырын чечсе эмне болот? 2008-жылы атайы сынакка катышып 60-орунду алганбыз. Эми жаңы министр келди, бул жагынан жылыш болот деп ишенем»,-деди ал.

Эске салсак, УКМК мамлекеттик мекеме-органдарда иштеген кызматкерлердин дипломдорун жапырт текшерүүнү январдын аягында баштаган жана бул өнөктүк үч айга созулат деп билдирген. Атайын кызмат жасалма диплому бар дегендердин аты-жөнүн ачык жарыялай элек.

Количество просмотров: 250