• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Нышанов: Негизи жол кире акысы көтөрүлүшү керек

3 Кулжа 2021 17:00 Бишкек Govori.TV

Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов билдирди.

«2 күндөн бери борбор калаада маршруттук таксилер ишке чыккан жок. Эгерде башка мамлекеттерге салыштыра турган болсок, жол кире акысы көтөрүлүшү керек. Авто унаалардын тетиктери өзүбүздө жок болгондуктан кымбат баада сатып алабыз. Айдоочуларды дагы түшүнсө болот. Ошол эле учурда пенсия, жөлөк пул, элдин айлыгы өтө аз. Эң чоң көйгөйлөр чечилбей, эл кыйналып жатат»,-деди Нышанов.

Белгилей кетсек, бүгүн, 3-июнда да Бишкектеги жүргүнчү ташыган маршруттук таксилер каттамга чыккан жок. Алар 2-июнда иш таштап, жол кире акысын котөрүүнү талап кылууда.

Количество просмотров: 63