• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Нью-Делиде Кыргызстандагы социалдык-саясий кырдаал талкууланды

2 Жетинин айы 2020 9:46 Бишкек Govori.TV

2020-жылдын 30-октябрында Нью-Дели шаарында «CD Foundation» коомдук фондунун көмөгү менен КРнын Индиядагы Элчилиги тарабынан индиялык массалык маалымат каражаттарынын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен интерактивдүү жолугушуу уюштурулду.

Иш чарада «Hindu», «DNE», «News 1 Express», «SNI News», «A One News», «News 9 Express», «DD Live» сыяктуу ММКдын өкүлдөрү, жана ошондой эле «Diamond TAR Industries», «A-One Holidays LLP», «Bio Medicals PVT LTD», «IMPEX PVT.Ltd.», «Primegroup», «Tourism research and development foundation» сыяктуу компаниялардын аткаруучу директорлору катышты.

Өз сөзүндө Элчи А.Исаев Кыргызстандагы учурдагы ички саясий кырдаал тууралуу, КРнын легитимдүү бийлиги, өлкөдөгү келе жаткан президенттик шайлоо, жана ошондой эле Кыргызстан менен Индия ортосундагы өнүгүп жаткан эки тараптуу мамилелери тууралуу маалымат менен кенен бөлүштү.

Өткөн окуялардагы жаштардын, элдик массанын жана саясий партиялардын ролдору тууралуу суроолор берилди.

Мындан тышкары индиялык досторду коронавирус пандемиясынын кырдаалы турукташтырылгандан соң Кыргызстанды көрүүгө чакыруу менен бирге, Элчилик тарабынан Кыргыз Республикасынын туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу презентациясы көрсөтүлдү.

Иш чаранын коноктору өзгөчө кызыкчылык менен Кыргыз Республикасын жакынкы убакытта инвестициялык жана туристтик максаттар менен барууга каалоолорун билдиришти жана ушундай форматта жолугушуу уюштуруу үчүн ыраазычылыгын айтышты.

Количество просмотров: 121