• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Оксфорд университетине кыргыз тили курсу ачылат

7 Жалган куран 202413:11 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Улуу Британияга жасаган расмий иш сапарында Оксфорд университетинде кыргыз тилин окуткан курс ачылары айтылды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Шакиев Улуу Британиядагы иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн парламентиндеги Кыргызстан боюнча партиялар аралык парламенттик топтун жетекчиси Роберт Стюарт менен жолугушту. Анда парламенттер аралык байланыштын учурдагы абалы талкууланып, кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүү маселелери талкууланды.

Андан тышкары тарыхый сапардагы маанилүү маалымат катары Оксфорд университетинде кыргыз тилин окууну каалагандар үчүн курс ачылары айтылды.

«Байыркы элдердин бири саналган кыргыз калкынын тилин окуткан курстун ачылышы эки тараптуу алакаларды чыңдоодо гана эмес, эл аралык байланышты арттырууда да өзгөчө мааниге ээ. Биз кыргыз тил курсун колдойбуз жана бардык керектүү жардамдарды көрсөтөбүз. Келечекте аталган курс тилди гана үйрөтпөстөн, кыргыз маданиятын жана баалуулуктарын таанытууга да көмөкчү болот деген ишеничтебиз», – деген Шакиев.

Өз кезегинде Улуу Британиянын парламентиндеги Кыргызстан боюнча партиялар аралык парламенттик топтун жетекчиси Роберт Стюарт да өнөктөштүктү өнүктүрүүдө парламенттердин ролу чоң экенин белгилеп, биргешкен долбоорлорду ишке ашыруу жаатындагы пикирлери менен бөлүштү.

Кошумчалай кетсек, жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Улан Примов, Жанарбек Акаев, Лейла Лурова, Эльдар Сулайманов, Жылдыз Садырбаева жана Улуу Британиянын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Николас Боулер катышты.

Количество просмотров: 170