• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Октябрь окуясы боюнча сотко Социнтерндин башкы катчысы келди

25 Чын куран 2022 10:52 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 25-апрелде Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда 2020-жылдын 5-6-9-октябрындагы жапырт башаламандык боюнча сот отуруму уланып жатат.

Кылмыштын алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана окуяга катышкан Фарид Ниязов, Жеңиш Молдокматов, Курсан Асанов баштаган бир нече киши айыпталууда.

Бүгүнкү отурумга Социалисттик интернационалдын Башкы катчысы Луис Айяла катышып жатат. Ал буга чейин дагы өлкөгө келип, Кой-Таш окуясынан кийин кармалгандардын жакындары менен жолуккан.

Эске салсак, 2020-жылдын 4-октябрында Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги 6-октябрга караган түнү президенттик аппараттын жана парламенттин кеңсеси жайгашкан имараттарды ээлеп алуу менен аяктаган. Башаламандык учурунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана аны менен кошо камалгандар абактан бошотулган. Камактан чыккан саясатчылар 9-октябрда Бишкекте өткөн митингге катышкан. Митингде жети киши жабыркап, жаңжал менен аяктаган. Милиция кылмыш ишин козгогон.Анын негизинде Атамбаев, кеңешчиси Фарид Ниязов, мурдагы жансакчылары Канат Сагымбаев, Дамир Мусакеев, Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалып, камакка алынган. Атамбаевдин уулдары Сейит жана Кадыр Атамбаевдер да кармалып, күбө катары көрсөтмө берген соң коё берилген. Кийинчерээк шаардык сот Султанбеков менен Сагымбаевди үй камагына чыгарган. Курсан Асанов менен саясатчы Жеңиш Молдокматов кармалып кийин үй камагына чыкты.

Количество просмотров: 298