• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Октябрь окуясы боюнча соттук отурумга Атамбаев алынып келинди

5 Чын куран 2022 10:23 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-апрелде уланып жаткан Октябрь окуясы боюнча соттук отурумга айыпталуучулардын бири, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев алып келинди.

Атамбаев Октябрь окуясы боюнча 4-апрелде болгон сотурумдун соңунда өзүн начар сезип, «Тез жардам» алып кеткен. Жактоочунун маалыматына ылайык, мурдагы президенттин кан басымы түшүп кеткен.

Белгилей кетсек, буга чейин Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурумга Атамбаевди күч менен алып келүү аракети болуп, анын аягы чыр менен аяктаган.

Эске салсак, 2020-жылы 5-6-9-октябрдагы Бишкектеги массалык башаламандыкка байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында 10-октябрда Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалган. Алардын арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, анын мурдагы жансакчылары Канат Сагымбаев менен Дамир Мусакеев да бар. Учурду кармалгандардын көбү абактан чыккан.

Количество просмотров: 142