• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Октябрь окуясы: Сотто Атамбаев көрсөтмө берүүдөн баш тартты

5 Чын куран 2022 11:36 Бишкек Govori.TV

Биринчи май райондук соту октябрь айындагы окуялар боюнча кылмыш ишин кароону бүгүн да улантууда. Сот отуруму ачык өтүп жатат.

Анда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кечээкиге караганда бүгүн өзүн жакшы сезип калганын, бирок сотто көрсөтмө берүүдөн баш тарта турганын айтты. Сот жараянына президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовду да алып келишкен.

Атамбаев Октябрь окуясы боюнча 4-апрелде болгон сотурумдун соңунда өзүн начар сезип, «Тез жардам» алып кеткен. Жактоочунун маалыматына ылайык, мурдагы президенттин кан басымы түшүп кеткен.

Белгилей кетсек, буга чейин Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурумга Атамбаевди күч менен алып келүү аракети болуп, анын аягы чыр менен аяктаган.

Эске салсак, 2020-жылы 5-6-9-октябрдагы Бишкектеги массалык башаламандыкка байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында 10-октябрда Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалган. Алардын арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, анын мурдагы жансакчылары Канат Сагымбаев менен Дамир Мусакеев да бар. Учурда кармалгандардын көбү абактан чыккан.

Количество просмотров: 322