• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

«Октябрда баары эле бирден мекемени басып алышкан». ЖКда Асановдун камалышы тууралуу сөз козголду

4 Бирдин айы 2021 11:26 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин жалпы жыйыныда сөз сүйлөгөн депутат Дастан Бекешев учурда камактагы Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго коюлуп жаткан кине боюнча өз пикирин билдирди.

Анын айтымында Курсан Асановго коюлуп жаткан кине жалпыга түшүнүксүз болууда.

«Асановго ИИМдин имаратын басып алууга айып тагылууда. Бул эми бир кызыктыдай ой калтырат. Эгер андай болсо биздин милицияда кимдер болуп калат, аларды бир адам кирип барып басып алып, анан 7-октябрда баарын саптык тизмеге чыгарып… Ал баарын чыгууга мажбур кылган жок да. Ал убакта ким каякты гана басып албаган, анда баарына айып коюу керек. Баарына бирдей караш керек», — деди депутат.

Эске салсак, Ички иштер министринин мурдагы орун басары, президенттик шайлоодо талапкер болгон Курсан Асанов 26-мартка чейин камакка алуу тууралуу чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту 28-январда чыгарган.

Курсан Асанов Жазык кодексинин 245-беренесинин 1-пункту («Имаратты жана мекемени басып алуу») боюнча айыпталып, 26-январда кармалган.

Ал 2020-жылдын 5-9-октябрындагы Бишкектеги массалык башаламандыкка байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, 10-октябрда эки айга камакка алынып, 4-ноябрда кайра үй камагына чыгарылган.

Количество просмотров: 210