Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгы “Кара-Көл шаарында милиция кызматкери окуучу кызды зордуктоого аракет кылды деген маалымат чындыкка туура келбесин” кабарлады.
Милициянын маалыматына ылайык, 3-апрелде Кара-Көл шаардык милициясынын өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспектору 5 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган.
Ал 9-класстын окуучусун “түн ичинде көчөдө жүргөнү үчүн жүрүм-турумуңду видеого тартып, Интернетке чыгарам” деп коркутуп, акча талап кылган.
Жалал-Абад милициясы шектүүгө карата пара талап кылуу беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталганын кабарлады. 6-апрель күнү Жалал-Абад облустук сотунда шектүүнүн бөгөт чарасы каралып, үй камагына чыгарылган.