Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков, Баткен районундагы Муса Кадыр атындагы орто мектебинин башталгыч класс мугалими Миргүл Эшимовага өз айлык акысынан ноутбук белек кылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Мугалимге ноутбукту бүгүн, 10-сентябрда Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Олжобай Мажилимов мектепке барып тапшырды. Өз учурунда педагог белек үчүн министрге ыраазычылыгын билдирди.
Эске салсак, буга чейин интернетте онлайн сабак өтө албай койгон мугалим окуучуларын үйүнө чакырып окутуп жатат деген сүрөт тарап, талкууга алынган эле.