• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Окуучунун өлүмүнө шектелип сегиз бала кармалды

13 Бирдин айы 2019 9:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 13.02.2019. Govori.TV

Каракол шаарындагы окуучунун өлүмүнө шектелип 8 бала кармалды. Алардын ичинен жетөө мектеп окуучусу, ал эми бирөө мектепти былтыр бүтүп кеткен. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат кызматынын башчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча балдардын ортосунда мурда пикир келишпестик орун алган. Кармалгандардын айтымында маркум Д.А. өткөн жылдын декабрь айында сегиз баланын бирөөсүнүн уюлдук телефонун тартып алган. Андыктан алар өч алууну чечишкен.

“Шектүүлөрдүн жетөө ошол эле Караколдогу эки мектептин окуучулары экен. Ал эми бирөө эч жерде иштебеген, 1999-жылкы бала экени аныкталды. Алар түн ичинде баланы автоунаа базарына алып келип, таяк менен сабап өлтүрушкөн”,- деди Сталбек Усубакунов.

Эскерте кетсек, 18 жаштагы окуучунун сөөгү мал базардан 12-февраль күнү эртең менен саат 08:23 чамасында табылган. Маркумдун ата-энеси ал болжол менен түнкү саат 24.00 чамаларында үйдөн чыгып кетип, ошол бойдон кайтып келбегенин милицияга билдирген.

Азыркы тапта адам өлтүрүү фактысы боюнча тергөө иштери башталып, кармалгандардын баары убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Количество просмотров: 174