• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Окуучуну сүзүп кетти делген милиция бөлүмүнүн башчысы кармалды

27 Үчтүн айы 2024 15:32 Бишкек Govori.TV

Балыкчы шаардык милициясынын мурдагы башчысы кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу 27-январда ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

ИИМдин маалыматына караганда, Балыкчы шаарында жашы жете элек кызды сүзүп кетүү фактысы боюнча шаардык ички иштер бөлүмүнүн мурдагы башчысы Бектур Осмонбаев кармалып ИИМдин Ички иликтөө кызматына жеткирилген.

Тергөө амалдарын жүргүзүү максатында, ал УКМКнын тергөө кызматына өткөрүп берилет.

Мунун алдында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кырсык болгон жерден качкан милиция бөлүмүнүн башчысы Бектур Осмонбаев издөө жарыялаган.

Количество просмотров: 530