• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Ольга Бузова инстаграмда рекорд койду

22 Үчтүн айы 2020 9:43 Бишкек Govori.TV

Орусиялык ырчы жана алып баруучу Ольга Бузова инстаграмдагы катталуучуларынын санынын көптүгү боюнча рекорд койду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазды.

Бузова өздүк майрамынын урматына жаңы ыры жарык көрө турганын айтып, билдирүү жарыялаган. Көп өтпөй анын аталган социалдык тармактагы катталуучуларынын саны 19 миллиондон ашкан. Учурда Бузованыкындай сандагы катталуучу орусиялык шоу бизнес өкүлдөрүндө жок.

Катталуучуларынын көптүгү боюнча экинчи орунду мушкер Хабиб Нурмагомедов турат. Ага жазылгандардын саны 18 миллион 400 миң адамды түзөт.

Тиматинин 14 миллион 500 миң катталуучусу бар.

Блогер Насти Ивлеева 14 миллион.

Алып баруучу Ксения Бородина 13 миллион 600 миң.

Ал эми музыкант Егор Крид 11 миллион 600 миң катталуучусу менен алдыда келет.

Количество просмотров: 93