• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Олимпиадага катышкан спортчуларды тосууда 800дөн ашык милиция тартипти көзөмөлдөйт

12 Баш оона 202423:07 Бишкек Govori.TV

Бишкек ШИИБдин башчысы Азамат Токтоналиев өздүк курамды саптык кароодон өткөрдү, деп билдирди борбор калаанын милициясынын басма сөз кызматы.

Эртеңки Олимпиадага катышкан спортчулардын кайтып келишине арналган ишчарада 800дөн ашуун милиция кызматкерлери коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун сактайт. Иш-чара Т.Усубалиев атындагы аянтта (эски аянт) өтөт.

Салтанат саат 09:00дө башталат.


Токтоналиев саптык кароодо милиция кызматкерлеринин сырткы көрүнүшүн, форма жана кызматтык күбөлүктөрдүн бар-жоктугун, ошондой эле катардык уставдын негизги жоболорун билүүсүн текшерип, катардык түздөөгө өзгөчө көңүл бурду. Бүгүнкү саптык кароонун жүрүшүндө олуттуу сын-пикирлер айтылган жок.

Теги:
Количество просмотров: 137