• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Ооганстанда учакка жармашкан адамдардын жерге кулап түшкөн видеосу

16 Баш оона 2021 17:36 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда Кабул аэропортунан асманга көтөрүлгөн учактан жерге кулап түшүп жаткан адамдардын видеосу тарады. Анда жарандар кандай жол менен болсо да өлкөдөн чыгып кетүүгө жандалбастап, самолёттун дөңгөлөгүнө жармашып кетүүгө, астын тосуп чыгып токтотууга аракет кылышкан.

​Бул видеону Афганистандын Aśvaka маалымат агенттиги Twitter баракчасына жүктөдү. Андан соң басылма шассиге жармашып алган эки адам учуп түшкөнүн тастыктады.

Эске салсак, “Талибан” кыймылы Ооганстандын баш калаасы Кабулдагы президенттик сарайды кечээ кечинде ээлеп алды. Президент Ашраф Гани бийлигин алдыргандан кийин өлкөдө чыгып кетти. Ал алгач Тажикстандын борбору Душанбеге барганы, кийин ал жерден башка жакка жөнөп кеткени, кайсы жер экени так айтылбай жатканы кабарланды. Ооганстандагы чет өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрү өз жарандарын чыгарып кетүүдө. Ашраф Гани Facebook баракчасы аркылуу кан төгүүгө жол бербеш үчүн өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгонун билдирди.

Количество просмотров: 2863