Оору жайыла берсе борбордук штабга Бишкек шаарын 15-20 күнгө жабуу сунушу берилиши мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда өкмөт үйүндөгү онлайн маалымат жыйында мэриянын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирди.
«Эгерде бул ооруну жеңе албай, жайыла бере турган болсо, анда биз борбордук штабга Бишкекти 15-20 күнгө жапканга сунуш беришибиз мүмкүн. Бул биздин укугубуз. Кандай пикирде болсоңуз болуңуз, кандай көз карашта болсоңуз болуңуз, бирок биз элдин ден-соолугу, алардын келечеги үчүн күрөшүшүбүз керек. Сиздерден көптөн көп суранам, баарына айтып, түшүндүрүңүздөр. Бул оору бар, оору жайылып жатат», — деди ал.