• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Ооруканада адамды базарда мал союп жаткансып баалашат деп дарыгерлерди Оштун мэри сындады

11 Баш оона 2018 9:49 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 11.08.2018.Govori.TV.
Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев, өкмөттүн өкүлү болуп иштеп турганда облустук оорукананы текшергени барып бир топ таң калычтуу окуяларга күбө болгонун мисал келтирип, шаардык оорукананын жетекчисине коллегияда эскертүү берди.
«Мурда облустук ооруканага барып текшерип жатсам, сыртта бирөө баласына операция жасата турган аялдан 30 миң сурап, канын ичип жатат. Базарда мал союп жаткансып баалашат. Азыр шаардык оорукананы көрө элекмин, бирок ал жакта да ушундай окуялар болушу мүмкүн. Оорукана силерге отуруп алып акча таба турган жай эмес, акча керек болсо бизнеске баргыла. Ооруган адамдарга «мынча акча бер, болбосо өлүп кал» дегендей болбош керек. Андан көрө жакшы сүйлөп, жакшы дарылап койсоңор өзү да ыраазычылыгын айтат»,- айтты мэр.

Количество просмотров: 35