• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ооруканада бейтап дарыгерге кол салды

20 Баш оона 202421:28 Бишкек Govori.TV

Чүйдөгү ооруканалардын биринде жаш кыз сөгүнүп, нөөмөттөгү дарыгерге кол салган.

Дарыгердин башын айнекке жана дубалга бир нече жолу катуу уруп, муунткан. Милиция чакырылган, бирок алар бош эмес болгондуктан келген эмес.

Учурда дарыгердин баш мээси чайкалып, Токмоктогу ооруканада жатат. Дарыгерге кол көтөргөн кезектеги бейбаштыкка тиешелүү аракет көрүлүшү зарыл.

Количество просмотров: 407