• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ооруканаларда 9 миң 173 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда

1 Баш оона 2020 11:54 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда ооруканаларда 9 миң 173 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынды Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөнүн ооруканаларында коронавирустан 3 миң 605 адам жана 5 миң 568 бейтап пневмониядан дарыланууда.

Бишкек шаарында 3 миң 518 киши, Ош шаарында – 627, Чүй облусунда – 1 миң 138, Ош облусунда – 1 миң 218, Нарын облусунда – 178, Ысык-Көл облусунда – 859, Жалал-Абад облусунда – 863, Талас облусунда – 282, Баткен облусунда 490 бейтап ооруканаларда дарыланууда болууда.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 494 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 36299ду түзөт. Алардын ичинен 26426 киши айыгып чыкты, 1397 адам каза болду.

Количество просмотров: 49