• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Опера жана балет театрынын директору кармалды

1 Бештин айы 2023 16:26 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын директору Алмазбек Истамбаев кармалды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) кабарлады.

Атайын кызматтын билдирүүсүнө караганда, ал кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелүүдө.

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын (мындан ары – КУАОЖБТ) лизингдик ишмердүүлүгүндөгү коррупцияны аныктоо жана бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, КУАОЖБТнын балансында турган мамлекеттик мүлк үчүн узак мөөнөттө ижара келишимдерин түзүүдө, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) козголгон кылмыш ишинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

КРнны Жазык-процесстик кодексинин 94-беренесине ылайык, КУАОЖБТнын башкы директору «И.А.М.» кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул фактыга тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо жана мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 1222