• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Ордо» партиясынын лидери Мирбек Мияров дайынсыз болуп жатканы айтылды

29 Жетинин айы 2021 13:34 Бишкек Govori.TV

«Ордо» саясий партиясынын лидери Мирбек Мияров дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу партиянын өкүлдөрү билдирди.

Маалым болгондой, Мияров № 44 мектепке добуш берүү үчүн кеткен экен. Ошол бойдон байланышка чыккан эмес.

«Телефону өчүк, акыркы жолу месенжерлерге саат 14:00 чамасында кирген. Анын кайда экенин туугандары да билишпейт. Биз азырынча мамлекеттик органдарды күнөөлөбөйбүз, балким уурдап кетишти же башка жагдайлар болуп кетиши мүмкүн. Бизде азырынча так божомолдор жок. Кечке чейин келбесе, милицияга арыз жазабыз», — деп айтылат маалыматта.

Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы бул тууралуу маалыматты тактап жатышканын билдирди.

Мирбек Мияров 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоого ат салышкан «Ордо» партиясынын лидери. Ал 2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп, кийин аталган кызматтан бошотулган.

Количество просмотров: 218