• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Тоого чыгып кеткен. «Ордо» саясий партиясынын лидери Мияровдун кайда жүргөнү белгилүү болду

30 Жетинин айы 2021 14:40 Бишкек Govori.TV

28-ноябрдан бери дайынсыз болуп жаткан «Ордо» партиясынын лидери Мирбек Мияров байланышка чыкты. Бул тууралуу «Ордо» саясий партиясынын мүчөсү Мирлан Мамытов Govori.TVга билдирди.

Анын айтымында, Мияров аман-эсен.

«Машинем бузулуп, телефонум да өчүп калды. Силер эмне ызы-чуу салып жибердиңер?» деп айтты. Тоодо малы бар»,-деди Мамытов.

Буга чейин Мияров 28-ноябрдан бери дайынсыз болуп жатканын туугандары кабарлашкан. Ал жекшемби күнү Бишкектеги №44 мектепке добуш берүү үчүн кеткен бойдон кайткан эмес. Жакындары саясатчыны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кармап кеткен болушу мүмкүн экенин божомолдошкон. УКМК да, Ички иштер министрлиги (ИИМ) да Мирбек Мияров суракка чакырылбаганын маалымдаган. Бүгүн жубайы милициядан күйөөсүн издөөнү токтотууну суранып, эч кимге дооматы жок экенин билдирген.

Количество просмотров: 3671