• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Орхан Инанды менен акыркы жолу жолуккан Мелис Турганбаев үн катты

9 Кулжа 202114:42 Бишкек Govori.TV

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы башчысы Мелис Турганбаев Грузиядан Бишкекке кайтып келди. Бул тууралуу 24.kg жазды.

Турганбаев Орхан Инанды менен 31-майда жолукканын ырастап, төмөндөгүлөргө токтолгон.

«Ошол күнү биз жолугуп, билим берүү тармагын талкуулаганбыз. Менин жанымда уулум дагы бар болчу. Жарым саат чай үстүндө сүйлөшүп, жолго чыкканбыз. Буга чейин дагы Инанды менен жолуккам. Ал балдарды «Сапат» лицейине орноштурууга жардам берди. Грузия менен Украинага спорт аркылуу барып, 7-июнда кайтып келдим»,-деп билдирген Турганбаев.

Буга чейин жактоочу Таалайгүл Токтакунова «Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды дайынсыз жоголгон күнү Мелис Турганбаев менен жолукканын айтып, аны менен байланышууга мүмкүн болбой жатканын билдирген.

Орхан Инанды Кыргызстанда 20га жакын “Сапат” жеке лицейинин, эл аралык “Ала-Тоо” университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири. Ал Бишкекте иштеп, Кыргызстандын жарандыгын алган. Анын эшиги ачык калган машинеси 1-июнга караган түнү таңга жуук өзү жашаган үйдүн короосунан табылган. Милицияга арызды анын уулу жазып, акыркы жолу атасы байланышка 31-майдын кечинде чыкканын, ошо бойдон дайынсыз экенин айткан. Инандынын дайынсыз болуп жатканы коомчулукту дүрбөттү. Коомдук сайттарда кызуу талкуулар жүрүп, бир катар коомдук жана жарандык ишмерлер өлкө бийлигине кайрылуу жолдоп жаткан чагы.

Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Ички иштер министрлигине кыргыз жараны Орхан Инандыны издөө боюнча тергөө-оперативдик иштерди күчөтүүнү жана кошумча күчтөрдү тартууну тапшырды. Милиция издөө иштери уланып жатканын кабарлоодо.

Количество просмотров: 15102