• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Даниел Ажиевдин камактагы мөөнөтү узарды

29 Жетинин айы 2023 16:37 Бишкек Govori.TV

Веб-кам студияларды иштетүүгө айыпталган Даниел Ажиев камактагы мөөнөтү дагы узартылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 2024-жылдын 29-январына чейин УКМКнын тергөө абагында камакта болот.

Эске салсак, Даниел Ажиев быйыл июнь айында Кыргызстандын атайын кызматынын өтүнүчү менен Өзбекстандан Бириккен Араб Эмираттарына учууга аракет кылган жеринен кармалган. Ажиев ээлик кылган үч чоң студияда тинтүү жүргүзүлүп, 30 оператор иштей турганы аныкталган. Ар кандай интернет-платформаларда акчага интимдик кызматтарды көрсөтүү үчүн колдонулган 80 компьютер табылган.

Количество просмотров: 124