19 жаштагы блогер Ырыс Жекшеналиев фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазып окуусуна бара албай жатканын билдирген.
Анын айтымында, окууга кайтуу тууралуу чечим 13-мартта чыккан менен ал 30 күндөн кийин күчүнө кирет.
«Бирок 1 айдан кийин окуу бүткөнү жатпайбы!? Ошол эле учурда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети Бишкек шаардык сотуна райондук соттун чечимин жокко чыгаруу максатында арызданганы турат», — деп жазат ал.
Жекшеналиевдин бул билдирүүсүнө Билим берүү министри жооп берип, орун басарына тапшырма бергенин билдирди.
Эске салсак, «Полит Узник» баракчасынын администратору, 19 жаштагы Жекшеналиев 2022-жылдын 14-августунда милицияга бир нече саат сурак бергенден кийин камалган. Буга Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону аталган баракчага жайгаштырганы негиз болгон.
Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин («Калайман башаламандык») 3-бөлүмүнө («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») ылайык кылмыш ишин козгогон.