• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын мүчөсү Нурлан Мамытов кармалды

15 Бирдин айы 2022 13:21 Бишкек Govori.TV

Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын мүчөсү Нурлан Мамытов кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Биринчи май райондук сотунун 2022-жылдын 11-февралындагы токтомуна ылайык, Н.Мамытовго карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү 2022-жылдын 8-март күнүнө чейин тандалган.

Белгиленгендей, Нурлан Мамытовго КР Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси боюнча айып тагылган.

Нурлан Мамытов башкармалыктын мүчөсү болуп 2021-жылдын июнь айында дайындалган.

Количество просмотров: 270