• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Орусиядагы жол кырсыгында кыргыз жараны көз жумду

17 Аяк оона 2018 18:13 Бишкек Govori.TV
Бишкек.17.09.2018.Govori.TV.
Орусиянын Рязань облусунда Кыргызстандан бараткан автобус аварияга кабылып, андан бир адам каза болгон. Кырсык 16-сентябрдын таңында М-5 жолунда болгон.
Каза болгон адам 1967-жылы төрөлгөн КРдин жараны экени белгилүү болду. Ал эми айдоочу жана калган алты жүргүнчү ар кандай жаракаттарды алышкан. Азыркы учурда Рязань облустук ооруканасында үч кыргыз жараны жайгаштырылган, маалыматка ылайык алардын өмүрүнө коркунуч жок.
Орусиядагы КРнын элчилиги тарабынан керектүү  суроо-талаптар жөнөтүлгөн. Калган кырсыктын катышучулары ошол эле күнү биринчи медициналык жардамдан соң Москва шаарына башка унаа менен жеткирилген.
Бул иш толугу менен кыргыз элчилигинин көзөмөлүндө болуп, азыркы учурда маркумдун сөөгүн өз мекенине жеткирүү иштери жүрүүдө.
Алдын ала маалыматка ылайык, айдоочу рулду башкара албай калып жолдун четине чыгып кеткен.
Количество просмотров: 33