• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Орусиядан тажрыйба алмашуу максатында Кыргызстанга мугалимдер азырынча келер-келбеси белгисиз

11 Аяк оона 2018 18:36 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 11.09.2018. Govori.TV

Орусиядан тажрыйба алмашуу максатында Кыргызстанга мугалимдер азырынча келбейт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова айтты.
«Азыркы учурда  Орусиядан  эч кандай бир дагы мугалим келген жок. Россия Федерациясынын  эл агартуу министрлигинин орун басары  Павел Зенькович бизге мугалимдер менен  убактылуу тажырыйба алмашалы деп кайрылган. Ал эми бул сунушка ыраазычылык билдирдик.  Бирок, андан ары ойлонуп жатабыз. Азырынча эч кандай чечим кабыл алынган жок», -деди билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова.

https://www.youtube.com/watch?v=eWHhr4BSp64&feature=youtu.be

Количество просмотров: 13