Орусия британиялык учактарга өзүнүн аба мейкиндигинде учуусуна тыюу салды. Бул тууралуу “Росавиация” аба транспортунун федералдык агенттиги кабарлады.
Чектөө 25-февралдан баштап күчүнө кирди. Британ учактары Орусиянын аймагынан учуп өтө албайт.
Мунун алдында Британиянын бийлиги Орусиянын Украинага басып киришине байланыштуу Москвадан күн сайын Лондонго каттаган «Аэрофлот» компаниясына тыюу салган. Мындан сырткары ушул эле каттам аркылуу British Airways компаниясы учактарын учурчу.