• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Орусия ЕАЭБ өлкөлөрүнө дан азыктарын чыгарууга салган тыюусун алып салды

1 Чын куран 202217:33 Бишкек Govori.TV

Орусия Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөргө дан азыктарын экспорттоого киргизилген чектөөсүн алганын Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги 1-апрелде кабарлады.

Россия өкмөтүнүн токтомуна ылайык, буудай, кара буудай, арпа жана жүгөрүнү экспорттоого уруксат берилди. Дан азыктарын ЕАЭБ мамлекеттерине чыгаруу үчүн Россиянын Айыл чарба министрлигинин уруксатын алуу зарыл.

Эске салсак, 15-мартта Орусия өкмөтү ички рынокту коргоо максатында өлкөдөн дан азыктарын чыгарууга 31-августка чейин тыюу салган.

Количество просмотров: 284