• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Орусия эмгек мигранттары үчүн Өзбекстанга «Спутник V» вакцинасынын 1 миллион доза жеткирди

23 Бештин айы 2020 9:52 Бишкек Govori.TV

Өзбекстан Орусияга кетүүнү пландаган эмгек мигранттары үчүн коронавируска каршы «Спутник V» вакцинасынан 1 миллион доза буюртма берди. Бул тууралуу Орусиянын Ташкенттеги элчиси Владимир Тюрденев билдирди.

Элчи вакцинаны жеткирүү боюнча келишимге кол коюлганын айтып, келерки жылы Орусиядан «Эпиваккорона» вакцинасын сатып алуу боюнча иштер жүрүп жатканын белгиледи.

Декабрдын башында Орусиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров Ташкентке жеке өзү «Спутник V» вакцинасынан 100 дозаны жеткирип, каттоо, иликтөө жана өндүрүү үчүн аларды өзбек бийлик өкүлдөрүнө тапшырган.

Кийинчерээк Ташкент орусиялык инвесторлорго COVID-19га каршы фармацевтикалык кластердеги иммунобиологиялык «Tashkent Pharma Park» вакцинасын өндүрүүнү сунуштаганы белгилүү болгон.

Количество просмотров: 48