• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Орусия Кыргызстанга коронавирусту аныктоочу тест-системаларды жөнөтөт

14 Чын куран 202013:16 Бишкек Govori.TV

Россия Федерациясынын өкмөтү Кыргыз Республикасынын кайтарымсыз негизде коронавирус инфекциясын аныктоо үчүн 20 миң анализ чыгарууну шарттаган 200 топтом көлөмүндө ПЧР тест-системалардын кезектеги партиясын берди. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

ПЧР тест система топтомдору Кыргызстанга эртең, 15-апрелде жеткирилет.

«Кыргыз Республикасынын өкмөтү Кыргызстанга COVID-19 коронавирус менен күрөшүүгө көрсөтүлгөн жардам жана колдоо үчүн Россия Федерациясынын өкмөтүнө терең ыраазычылык билдирет», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 136