• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Орусияда 15тен кем эмес тажикстандык мигрант коронавирус жуктуруп алды

15 Чын куран 2020 12:19 Бишкек Govori.TV

Орусияда тажикстандык 15тен кем эмес жаран коронавирус жуктуруп алганы маалым болду. Бул тууралуу Тажикстандын Орусиядагы элчилигинин атын атагысы келбеген кызматкери билдирди. Маалыматты centralasian.org сайты жазып чыкты.

Ал инфекция жуктуруп алган кишилер мындан да көп болушу ыктымал экенин четке какпайт. «Бир нече киши айыгып чыкты, бирок айрымдары азыркыга чейин медициналык мекемелерде дарыланууда», – деди дипломат.

Жуктургандардын бири базарда соода кыларын, вирусту этибар албаганын билдирген.

«Алгач, тамагым ооруду, андан соң дене табым көтөрүлүп, жөтөлө баштадым. Он күн үйдө жаттым, ар түрдүү дары ичтим, бирок жыйынтык болгон жок. «Тез жардамга» чалдым. Алар келип, мени ооруканага алып кетишти. Экспресс-тест коронавирус бар экенин аныктады», – деди мигрант.

Тажикстандын өзүндө болсо расмий түрдө коронавирус жуктурган учур каттала элек.

Количество просмотров: 383