• Ишенби 1 Тогуздун айы 2022
  • Суббота 1 Октябрь 2022

Орусияда 2023-жылга карата мунай өндүрүү 20% кыскарары айтылды

12 августа 2022 в 17:00 Бишкек Govori.TV

2022-жылдын декабрь айында орус мунайын Европага ташууга тыюу салуу санкциясы күчүнө киргенден кийин Орусияда мунай өндүрүү 20% кыскарат. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги менен The Guardian басылмасы Эл аралык энергетикалык агенттикке шилтеме жасоо менен билдирди.

Эл аралык энергетикалык агенттиктин маалыматына караганда, июлда Орусия күн сайын 10,8 миллион баррель мунай өндүргөн. Бул Украинага кол салганга чейинки көрсөткүчкө караганда 0,31 миллионго аз.

Орусия мунай-газынын экспортуна санкция салынгандан кийин Орусиядан Европа, АКШ жана Түштүк Кореяга мунай ташуу күнүнө 2,2 миллион баррелге кыскарган. Экспорт агымын Индия, Кытай, Түркияга жана башка өлкөлөргө которуу жана сезонго байланыштуу ички жогорку суроо-талап жоготууларды анча сездирген жок.

Евробиримдик 2022-жылдын 5-декабрынан баштап орус мунайын экспорттоону болушунча кыскартууну пландоодо. Мындан эки ай өткөндөн кийин орус мунайын сатып алууну толугу менен токтотууга ниеттенүүдө.

Количество просмотров: 143

Элдик курултай эл менен бийликтин ортосундагы көпүрө боло алабы?

Жыйынтыгын көрүү

Биздин команда