• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Орусияда ачыкка чыккан маалыматтарды пайдаланган журналисттерди 10 жылга эркинен ажыратуу сунушталууда

5 Бештин айы 2023 9:04 Бишкек Govori.TV

Орусияда ачыкка чыккан маалыматтар базасын пайдалануу үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору Мамлекеттик Думанын кароосуна киргизилди.

Документтин авторлору «Бирдиктүү Орусия» партиясынын мүчөлөрү – сенаторлор Андрей Турчак, Андрей Клишас, Ирина Рукавишникова, Константин Долгов, Артем Шейкин, ошондой эле депутаттар Александр Хинштейн, Ирина Панькина, Дмитрий Вяткин жана Антон Немкин.

Мыйзам долбоорунда төмөндөгүдөй аракеттер үчүн кылмыш жазасын киргизүү сунушталган:

Мыйзамсыз жол менен алынган жеке маалыматтарды топтоо, башка бирөөнө берүү жана пайдалануу үчүн төрт жыл, эгер алар «атайын категориядагы» же жеке биометрикалык маалымат болсо, анда беш жылга чейин эркинен ажыратуу;
Адамдардын тобу тарабынан алдын-ала кутум же кызмат абалынан пайдалануу менен персоналдык маалыматтарды «жеке кызыкчылык үчүн» мыйзамсыз колдонууда жана ал ири чыгымга учураткан учурда алты жылга эркинен ажыратуу жана 1 миллион рублге чейин айып пул салуу; Жеке маалыматтарды чет өлкөгө берүүгө байланышкан ушундай эле аракеттер үчүн эки миллион рублге чейин айып пул төлөтүү менен сегиз жылга чейин соттоо; Эгер мындай аракеттер оор кесепеттерге алып келсе же уюшкан топ тарабынан жасалса – үч миллион рублге чейин айып пул төлөтүү менен 10 жылга чейин эркинен ажыратуу;
жеке маалыматтарды мыйзамсыз сактоого жана башка бирөөгө берүүгө багытталган ресурстар менен программаларды түзүү үчүн беш жылга чейин эркинен ажыратуу же 700 миң рубль өлчөмүндө айып пул төлөтүү.

Сенаторлор менен депутаттар маалыматтарды ачыкка чыгаруу үчүн да жазаны катаалдатып, кызмат адамдары үчүн 800 миң рублдан жогору, юридикалык жактар үчүн үч миллиондон 15 миллионго чейин айып пул төлөтүүнү сунуштап жатышат. Уюмдар экинчи жолу мындай мыйзам бузууга барса бир жылдык кирешесинин 0,1 пайызынан 3 пайызга чейинки бөлүгүн айып пул катары төлөйт. Ошол эле маалда айып пулдун көлөмү 15 миллион рублден аз эмес, 500 миллион рублдан ашык эмес болушу керек. Бул сумма ачыкка чыгып кеткен маалыматтардын көлөмүнө жана маанилүүлүгүнө жараша аныкталат.

«Агентство» басылмасы белгилегендей, мыйзам кабыл алынса иликтөөчү журналисттердин ишмердүүлүгү кыйындайт, анткени алардын көбү өз ишмердүүлүгүндө ачыкка чыккан маалыматтарды көп пайдаланышат.

Булак: centralasian.org

Количество просмотров: 46